Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айбек Калиев: акылдуу эсептегичтердин арты менен жоготуулар азайды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСовещание по итогам деятельности ОАО "Национальная энергетическая холдинговая компания" за 9 месяцев 2016 года
Совещание по итогам деятельности ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания за 9 месяцев 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев жоготуулар 11 пайызга чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.
Айбек Калиев: акылдуу эсептегичтердин арты менен жоготуулар азайды

Акылдуу эсептегичтердин арты менен жоготуулар азайды. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеӊеште "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө" токтом долбоору каралып, маалыматтар угулду.

"2012-жылдан 2015-жылга чейин борбор калаага 115 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Өткөн жылы Дүйнөлүк банктан 1,9 миллион доллар алынып, ага кошумча акылдуу эсептегичтер сатып алынды. Ошентип 2012-жылдан бери 166 миң 434 даана акылдуу эсептегич коюлду", — деди Калиев.

Ал акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен жоготуулар 2012-жылы 22 пайызга азайса, азыр 11 пайызга чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0