Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түгөлбаева: финансы башкармалыктарынын 22 жаңы башчысы эки күндүк окутуудан өтүштү

© Фото / Бибиханым МурсабековаЗаведующая сектором по связям с общественностью Минфина Гульмира Туголбаева
Заведующая сектором по связям с общественностью Минфина Гульмира Туголбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министрлигинин окуу борборунда 3-4-апрелде атайын курстар уюштурулган.
Түгөлбаева: финансы башкармалыктарынын 22 жаңы башчысы эки күндүк окутуудан өтүштү

Финансы министрлиги аймактагы башкармалыктардын жетекчилерин атайын окутуудан өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гүлмира Түгөлбаева билдирди.

Анын айтымында, министрлик мындай окутууларды планга жараша уюштуруп турат.

"Өлкө аймагында жаңы шайланган 22 башкармалыктын жектечилери эки күндүк окутуудан өтүштү. Анда аларга жыл башында кабыл алынган бюджеттик кодекстин нормалары, кассалык тейлөө, отчёт түзүү жана берүү тартиби боюнча маалыматтар берилди. Мындан ары аталган иш-чаралар планга жараша уюштурулуп турат", — деди Түгөлбаева.

Ал ошондой эле, кийин квалификацияны жогорулатууга багытталган курстар өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0