Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максат ажы Токтомушев: Коргоо кеңеши кабыл алган концепциянын негизинде иштейм

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын VI курултайында муфтий жана аалымдар кеңеши кайра шайланды.
Максат ажы Токтомушев: Коргоо кеңеши кабыл алган концепциянын негизинде иштейм

Коргоо кеңеши кабыл алган концепциянын алкагында иш алып барарын кайра шайланган муфтий Максат ажы Токтомушев билдирди.

Ал мамлекеттик концепция менен ата-бабабыз кармап келген Ханафий масхабынын негизинде иш алып барарын белгиледи.

"Жыйындан 220 делегат ишеним көрсөтүп кайра шайландым. Бул өтө чоң милдет жана жоопкерчилик. Мен көрсөтүлгөн ишеничти, үмүттү актоого аракет кылам. Президентибиз ата-бабабыз кармап келген Ханафий масхабынын негизин коргоо кеңешинде атайын концепция катары кабыл алып берген. Мына ушунун алкагында иштейбиз. Ошондой эле улуттар, диний аралык ынтымакты бекемдөөгө аракет кылам", — деди Токтомушев.

Аалым Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы муфтийликке талапкер болуудан баш тарткан себебин түшүндүрдү
Андан сырткары, ал өлкө аймагындагы бардык медреселерге светтик, кесиптик билим берүүнү киргизе тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Максат ажы Токтомушев үч жыл мурун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын башчысы болуп дайындалган. Бул ирет жаңы кабыл алынган уставдын негизинде муфтий төрт жылга шайланды. Андан сырткары, аймактардан келген делегаттар аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн жана башчысын дайындашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0