Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамасадыков: жергиликтүү кеңештин тарашына себепчи болгондор шайлоого катышпашы керек

© Фото / штаб партии СДПКДепутат городского кенеша от партии СДПК Абдибаит Мамасадыков
Депутат городского кенеша от партии СДПК Абдибаит Мамасадыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Абдибаит Мамасадыков аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарына сунушталаарын кошумчалады.
Мамасадыков: жергиликтүү кеңештин тарашына себепчи болгондор шайлоого катышпашы керек

Жергиликтүү кеңештин тарашына себепкер болгон депутаттарды кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Абдибаит Мамасадыков билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-март күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Мыйзам боюнча эл өкүлдөрү президенттин жарлыгы чыкканда гана таркатылат.

"Шаардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, жеке кызыкчылыгын өйдө койгон адамдар эртең кантип кайра шайлоого катышат? Ошондуктан учурда сунуштар түштү. Эгерде кайсы бир депутаттын күнөөсү менен жергиликтүү кеңеш таркап кетсе, анда мындан кийин ал адамды шайлоого катышуу укугунан ажыратуу керек", — деди Мамасадыков.

Ал аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0