Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешке эмки шайлоо майдын аягында өтүшү мүмкүн

© Фото / Айгул АвтандиловаСпециальный представитель Центризбиркома Дамир Жундубаев
Специальный представитель Центризбиркома Дамир Жундубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК өкүлү шайлоо күнү президенттин жарлыгы менен гана так аныкталарын кошумчалады.
Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешке эмки шайлоо майдын аягында өтүшү мүмкүн

Жалал-Абад шаардык кеңешке кийинки шайлоо майдын аягына белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-март күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Мыйзам боюнча эл өкүлдөрү президенттин жарлыгы чыкканда гана таркатылат. 

"Кийинки кадамдар кандай болорун болжолдуу гана айтууга болот. Анткени шаардык кеңешти таратуу боюнча президенттин жарлыгы чыга элек. Шайлоонун күнү ошондо гана так аныкталат. Бирок өзүңүздөр билгендей өлкө боюнча 21 жергиликтүү кеңешке шайлоо 28-майга белгиленди. Жалал-Абад шаардык кеңешке да шайлоо ошондо өтүшү ыктымал", — деди ал.

Жүндүбаев акыркы чечим БШК тарабынан кабыл алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0