Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Моңолдоров: жаңы логистикалык борбор жер-жемишти 270 күнгө чейин сактай алат

© © SputnikОткрытие логистического центра по хранению фруктов ОсОО "Оберон" в Балыкчи
Открытие логистического центра по хранению фруктов ОсОО Оберон в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарында "Оберон" ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды. Аталган долбоорду эки коммерциялык банк аркылуу Кыргыз-орус фонду каржылады.
Моңолдоров: жаңы логистикалык борбор жер-жемишти 270 күнгө чейин сактай алат

Ысык-Көлдүн жетекчисинин биринчи орун басары Дамир Моңолдоров логистикалык борбор жер-жемиштерди 60 күндөн 270 күнгө чейин сактай ала турганын билдирди.

"Логистикалык борборлор дыйкандардын чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошо алат. Мындай сактоочу жайлар 5-10 жыл аралыгында ар бир айылда болуусу шарт. Себеби жемиштерди коңшу өлкөлөргө ыңгайлуу баада экспорттоого шарттар түзүлөт", — деди Моңолдоров.

Борборду салууга жалпы жонунан 4 миллион 450 миң доллар сарпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0