Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбай Жээнбеков: сайлардын жээгин тез аранын ичинде бекемдеш керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты.
Сооронбай Жээнбеков: сайлардын жээгин тез аранын ичинде бекемдеш керек

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтымында, жаан-чачын көп болгондуктан дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын жаралуусуна алып келүүдө. Ал 2017-жылы Чу дарыясынын жээктериндеги объектилерди бекемдөө иштерине каралган 120 миллион сомдун 55 миллиону бөлүнгөнүн, учурда жети объектиде бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Аны менен катар Чу дарыясынын жээгине дамба жана коргоочу тосмолорду куруу пландары да каралып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде өкмөт башчы быйыл кар көп жааганын айтып тез аранын ичинде сайлардын жээгин бекемдөө керектигин айтты.

"Кыргызстан боюнча суу жээгинде жайгашкан айылдар көп, аларды коопсуздугун сакташ керек. Бекемдөө жана алдын алуу иштерин облус башчылары гана эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы аткарышы керек", — деди премьер-министр.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кооптуу абалдардын алдын алуу үчүн тиешелүү ведомстволор тарабынан жээктерди бекемдөө иштери аткарылып жатканын билдирди.

Жээнбеков жээктерди оңдоо боюнча тиешелүү министрликтерге 2017-жылдын февраль айында тапшырма бергенин эскертип, башталган ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0