Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Досумбетов: каза болгон жолчулардын жакындары үчүн атайын эсеп ачылды

© Фото / Кудаяр ЭсенбаевПресс-секретарь Министерства транспорта и дорог КР Кылычбек Досумбетов
Пресс-секретарь Министерства транспорта и дорог КР Кылычбек Досумбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын котормой болушту.
Досумбетов: каза болгон жолчулардын жакындары үчүн атайын эсеп ачылды

Каза болгон жолчулардын жакындарына жардам иретинде атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов билдирди.

Эске сала кетсек, 28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.

"Бүгүн каза болгондор жерге берилди. Баары тең Токтогулдун тургундары болчу. Алардын тажыясына катышуу үчүн министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев, Бишкек — Ош мамлекеттик автожолунун башкы директору Изатбек Токтомомбетов түнкү 3тө Токтогулга чыгып кетишкен", — деди Досумбетов.

Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам - Sputnik Кыргызстан
Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам
Белгилей кетсек, каза болгон Нурбек Орунбеков Терек-Суу айылынын, Султангазы Жапаркулов Торкен айылынын, Анарбек Момуналиев Токтогул шаарынын, Акчабай уулу Курсант Бала-Чычкан айылынын тургундары.

Досумбетов министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын набыт болгондордун жакындарына берерин, ал эми Жол тейлөө департаменти жерге берүү зыйнатындагы чыгымдарды көтөрөрүн кошумчалады.

Атайын эсептин реквизиттери: БИК: 129037; Р/С: 1290373480000042; Кардардын эсеби: 03702417348201000127 "РСК Банк" Токтогул шаары.

Жаңылыктар түрмөгү
0