Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исабеков: кыргызстандык 10 спортчу Азия чемпионатына жолдомо алууга ат салышат

© Фото / пресс-служба Федерации Дзюдо КРПресс-секретарь Федерации Дзюдо КР Азамат Исабеков
Пресс-секретарь Федерации Дзюдо КР Азамат Исабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Анталья шаарында дзюдо боюнча өтө турган мелдешке Кыргызстандын атынан 10 балбан катышат. Анда спортчулар май айында Гонконг шаарында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алуу үчүн ат салышат.
Исабеков: кыргызстандык 10 спортчу Азия чемпионатына жолдомо алууга ат салышат

Кыргызстандык он балбан дзюдо боюнча Түркияда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Федерациянын башкы катчысы Азамат Исабековдун айтымында, катыша турган спортчулар машыгууларын Казакстанда өткөрүп келишти.

"Анталья шаарында 7-9-апрелде боло турган таймашка өлкөнүн атынан 10 спортчу катышат. Балбандарды ал жакка жөнөтүү чыгымдарын спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы менен биздин федерация каржылайт. Спортчулардын даярдыгы жакшы, алар эки күн мурун Шымкент шаарында машыгууларын өткөрүп келди", — деди Исабеков.

Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Гонконг шаарында 26-майдан 28-майга чейин өтө турган Азия биринчилигине жолдомо берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0