Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамиля Тойчубекова: ичи тарлардын айынан 60 жашымда комбайн айдаганды үйрөндүм

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖенщина комбайнер Жамиля Тойчубекова
Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамиля Тойчубекова трактор жана комбайн айдаганды 60 жашынан үйрөнгөн. Учурда "Чынар" үрөнчүлүк кооперативин жетектеп, дыйкандарга жардам берип келет.
Жамиля Тойчубекова: ичи тарлардын айынан 60 жашымда комбайн айдаганды үйрөндүм

Бул куракта айыл-чарба техникасын башкарууну үйрөнгөнгө тааныштардын ич күйдүсү себеп болгонун Жамиля апа өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Өзүбүздүн кооператив аркылуу жаңы техника алып, бутка тура башташганда ичи тарлар четтен чыга баштады. "Аял башы менен жөн жүрбөйбү" дешип, техниканы кооперативдеги элдин атынан алып атат деп сүйлөнүшкөн. Мен намыстанып, трактор, комбайн айдаганды да үйрөнүп алдым. Каршылаштардын болуп турганы жакшы экен", — деди Тойчубекова.

Өзүнүн айтымында, ал комбайнды айдаганды гана билбестен, оңдогонду дагы үйрөнгөн. Бузулган техникага керектүү жабдыктары да базардан өзү тандап сатып алат.

63 жаштагы комбайнчы Жамиля апа менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0