Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: көчкү жүргөн аймакта 35 куткаруучу иш алып барууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү алдында бир үй-бүлө төрт баласы менен калып калган.
Элмира Шерипова: көчкү жүргөн аймакта 35 куткаруучу иш алып барууда

Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Топ-Жаңгак участкасында 26-мартта таңга жуук жер көчүп, бир турак жайды басып калган.

Алты кишиден турган бир үй-бүлөнүн өмүрүнө забын болгон көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерине 35 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди.

"Учурда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов, Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин өкүлдөрү, кризистик кырдаалды башкаруу бөлүмүнүн ыкчам тобу жана 35 куткаруучу жеринде иш алып барууда", — деди Шерипова.

Ошондой эле ал буга чейин аталган аймактан көчүп кетүүгө эскертүү берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0