Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Улан Үсөйүн: Жаштар министрлигинин эшигин жырткан күндөр болду

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель общественного фонда "Кочмон" Улан Усойун
Руководитель общественного фонда Кочмон Улан Усойун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын бүгүнкү күндүн талабына айкалыштырып бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп келе жаткан коомдук активист Улан Үсөйүн Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп берди.
Улан Үсөйүн: Жаштар министрлигинин эшигин жырткан күндөр болду

Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жаманкулов: Кыргызстандын аймактарындагы туризм эми өнүгө баштады
Алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн Жаштар министрлигинин эшигин жырткан күндөр болду. Бул тууралуу кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын бүгүнкү күндүн талабына айкалыштырып бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп келе жаткан коомдук активист Улан Үсөйүн Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде айтып берди.

18 жашында шаарга келген кыргыздын уулу алгач кыйналганын, айылды сагынып куса болгонун белгиледи.

"Борбордо туугандарыбыз да жок, жатаканада жашап, токмок жеп, алыс чыгып көрбөгөн жаным кысылып үйдөгүлөрдү сагынып жүрдүм. Ошондо көкүрөктө патриот болгум келип, ак калпак кийип алып жүрчүмүн. Ал кезде Жаштар министрлиги жаңы ачылып, мен иш-чара өткөрөт элем деп эшигин каккылай берчүмүн. Аракет кылсаң берекет дейт. Жакшы адамдарга жолугуп отуруп өз жолумду таптым", — деди Улан Үсөйүн.

Коомдук активист менен болгон кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0