Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иса Өмүркулов: Акаев менен КСДП фракциясынын позициясы дал келбей калды

Жазылуу
Фракция лидеринин айтымында, депутаттын фракциядан чыгышы өзүнө эле жакшы болот.
Иса Өмүркулов: Акаев менен КСДП фракциясынын позициясы дал келбей калды

Депутат Жанар Акаевди КСДП фракциясы дал келбеген көз караштары үчүн бүгүн катарынан чыгарды. Бул тууралуу Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын саясий кеңеши Жанар Акаевди катардын чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.

"Жанар Акаевдин көз карашы фракцияныкына туура келбей калды. Бул маселе бүгүн эле чыккан жок, көптөн бери келе жаткан. Фракция менен көз карашы туура келбей жатса, өзү эле чыгып кеткени жакшы го. Саясий кеңештин чечимин фракция колдоду. Ал эми депутаттык мандатына кол тийгизүүгө биздин укугубуз жок", — деди Өмүркулов.

Акаев өзү мурунку фракциялаштарына эч кандай таарынычы жок экенин, алар болгону бирөөнүн буйругун аткарып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0