Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев: парламент тарап кетет дегенге ишенбейм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 24-мартта 2005-жылы март окуясына арналган сквердин ачылышында
Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта 2005-жылы март окуясына арналган сквердин ачылышында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта 2005-жылы март окуясына арналган сквердин ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Алмазбек Атамбаев: парламент тарап кетет дегенге ишенбейм

Өлкө башчысы парламенттин тарашы тууралуу айтылып жаткан сөздөр боюнча өз пикирин билдирди.

"Мен парламент өзү тарап кетет дегенге ишенбейм. Азыр бул парламентти таркатканыбыз менен ошондой эле парламент келет. Албетте, бул парламент бизге кереги жок дегендер бар, мага дагы кайрылуу түшүүдө. Бирок биз бул парламентти өзүбүз шайладык да, бирөө күчкө салып шайлаткан жок да. Андыктан убакыт өзү көрсөтөт", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле туруктуу коалиция түзүү үчүн партиялар тизмесин жакшылап карашы керектигин жана парламенттик шайлоодогу 7 пайыздык босогону 9-10 пайызга чейин көтөрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0