Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдиманнап Муратов: 31 жаш окумуштууга үч миллион сом бөлүндү

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРЗаместитель министра образования и науки КР Абдиманнап Муратов
Заместитель министра образования и науки КР Абдиманнап Муратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жатканын белгиледи.
Абдиманнап Муратов: 31 жаш окумуштууга үч миллион сом бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 31 жаш окумуштууга үч миллион сом өлчөмүндөгү грант берди. Бул тууралуу министрдин орун басары Абдиманнап Муратов билдирди.

Анын айтымында, 35 жашка чейинки 69 окумуштуудан өтүнмө түшкөн. Алардын ичинен атайын түзүлгөн кеңеш 31 изилдөөчүнүн эмгегин тандап алган.

"Жаш окумуштууларды колдоого багытталган мындай аракеттер алгачкы жолу уюштурулду. Жалпы үч миллион сомдой акча сынактан өткөн жаштардын өтүнмөлөрүнө жараша бөлүнүп берилди. Кийинки жылдары да мындай иш-чараларды улантуу паландалууда", — деди Муратов.

Сынакта илимпоздордун азык-түлүк коопсуздугу, маалымат технологиялары, туризм өңдүү жети багыт боюнча эмгектери тандалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0