21:56 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9133
  • RUB1.1560

Рыскелди Асанкожоев: Кыргызгидромет жабылып калуу коркунучунда болчу

Радио
Кыскача шилтеме алуу
4410

Кыргызстанда гидрометеорология агенттиги 1926-жылы негизделип, учурда республика боюнча 144 станция иштейт. Бул багытта эмгектенген 600дөн ашуун кызматкер бар.

Рыскелди Асанкожоев: Кыргызгидромет жабылып калуу коркунучунда болчу

Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМ алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев метеорологдордун түйшүктүү жумуштары туурасында айтып берди.

Ал билдиргендей, тоолуу аймакта гидрометеорология жаатында иштегенде өздөрү пенсияга чыкканда кызматын баласына, неберелерине өткөрүп берет. Антпесе ал жакка барып иштөөгө суроо талап жок.

"СССР убагында Кырыгызстандын аймагында 70ден ашуун метеостанция, 140 гидропост, 8 кар көчкү станциясы болгон. Анда иштеген кызматкерлердин саны 1500гө жетчү. Бир тобу каражаттын жоктугунан иштебей калган. Бир учурларда Кыргызгидромет агенттиги жабылып калуу коркунучунда эле. Эми кайрадан жанданып, автоматтык станциялар курулуп, кызматкерлердин айлыгы жогорулап жатат" — деди Асанкожоев.

Ошондой эле ал айлыгы аз болгондуктан жаш адистер бул жакта иштеп үйрөнүп тажрыйба топтоп алып, кызмат акысы жогору турган уюмдарга же чет өлкөлөргө кетип каларын айтты.

Рыскелди Асанкожоев менен кеңири маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Тема боюнча

Бакай Алиев: Кыргызстанда кышында дарбыз бышарына ишенген эмесмин
Гүлбара Оморова: Кыргызстандагы айрым чокуларга чыгуу үчүн 2 миң доллар кетет
Белгилер:
станция, Кыргызгидромет, Рыскелди Асанкожоев

ЭҢ МААНИЛҮҮ