Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талант Иманкул уулу: мыйзамсыз курулуштар боюнча долбоор парламентке жөнөтүлгөн

© Sputnik / Сандыбаев ДаниярБишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу
Бишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда мыйзамсыз курулган 6382 турак жайдын 3,5 миңин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар.
Талант Иманкул уулу: мыйзамсыз курулуштар боюнча долбоор парламентке жөнөтүлгөн

Бишкектеги 47 конуштун 42синде мыйзамсыз салынган үйлөрдүн кайсынысы мыйзамдашып, кайсынысы жок кылына тургандыгы тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу билдирди.

"2005-2010-жылдары мыйзамсыз салыган 6382 турак жай бар. Алардын ичинен 3,5 миңин мыйзамдаштырса болот деп "Бишкекбашкыархитектурасынын" берген корутундусу менен атайын комиссия чечим чыгарган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш департаменти долбоор иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жиберген. Парламент кайсынысына уруксат берсе, ошол жерди мыйзамдаштырабыз", — деди Иманкул уулу.

Маалыматка караганда аталган курулуштарды инвентаризацилоо иштери акыркы жолу 2010-жылы жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0