Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Байзаков: аттестациянын максаты — мугалимдин деңгээлин көтөрүү

© Фото / Зульфия ТургуноваИсполняющий обязанности начальника управления образования в городе Ош Жениш Байзаков
Исполняющий обязанности начальника управления образования в городе Ош Жениш Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош шаарынын орто мектептеринин мугалимдери эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан диагностикалык аттестациядан өтүүдө.
Жеңиш Байзаков: аттестациянын максаты — мугалимдин деңгээлин көтөрүү

Аттестациянын негизги максаты — мугалимдерди иштен четтетүү эмес, тескерисинче, алардын деңгээлин өстүрүү экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков билдирди.

"Мугалимдер арасында 10 предмет боюнча сынак өткөрүлөт. Ар бир окутуучу өз предметинен гана суроолорго жооп берет. Аттестация 22-мартта башталып, 26-мартта аяктайт. Андан ким канча баа алгандыгы тууралуу маалымат сыр бойдон калат", — деди Байзаков.

Анын айтымында, сынактан жогорку упай топтой алгандар атайын сыйлыктарга ээ болот.

Учурда Ош шаарында жалпы билим берүүчү 56 орто мектепте үч миңге жакын мугалим иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0