04:06 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Альпинистка Бегимай Оморованын архивдик сүрөтү
© Фото / Азамат Тотубаев

Гүлбара Оморова: Кыргызстандагы айрым чокуларга чыгуу үчүн 2 миң доллар кетет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
6030

Кыргызстандын аймагындагы айрым чокуларга чыгуу үчүн эки миң доллардан ашык каражат талап кылынарын альпинист Гүлбара Оморова билдирди.

Анын айтымында, Ленин чокусуна чыгуу үчүн бир адам эки миң, Кан-Теңири чокусуна барууга 2,5 миң доллар сарптайт.

"Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын тегерегинде үч миң метрден бийигирээк үч чоку бар. Аларга чыгуу үчүн 100-150 доллар жетет. Анткени эч кимге эч нерсе төлөбөй эле, керектүү нерселерди, тамак-ашты алып чыгып кетесиз", — деди Оморова.

Ал Чүйдүн Ала-Арча капчыгайындагы чокулар дагы көп каражатты талап кылбай турганын белгиледи.

Альпинист Гүлбара Оморова менен маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Альпинист Оморова: чокуга жеткенде бороон башталып, жанымдагыларды таппай калгам
Белгилер:
чоку, каражат, Гүлбара Оморова, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ