08:07 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев

Сапар Исаков: кыргыздар эч качан кул болгон эмес, эч качан кул болбойбуз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
80213

Үстүбүздөгү жылдын 17-март күнү республикада Аксы окуясы эскерилип, 15 жыл мурун шейит кеткендерге куран түшүрүлдү.

Кыргыз эли эч качан кул болгон эмес, эми дагы кул болбойт. Бул тууралуу президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Боспиекке барып, эл менен болгон жолугушууда айтты.

Атка минер аксылыктар элдин аң-сезимин, духун ойготконун айтып, демократияга жол ачылганын белгиледи.

"Бул байлыкты ата-бабаларыбыз сактап келсе, жаңы тарыхта аны сиздер сактап калдыңыздар. Азыр коңшу мамлекеттер менен теңата мамиле түзүлүп, президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын 2040-жылга чейинки багыты аныкталган концепция иштелип чыгууда. Кыргызстан күчтүү, өнүккөн мамлекетке айланат", — деди Исаков.

Сөзүнүн соңунда президенттик аппараттын жетекчиси элге тынчтык, ден соолук каалады.

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков Боспиекке барып Аксы окуясын эскеришти
Атамбаев Аксы окуясында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү
Белгилер:
Аксы окуясы, Сапар Исаков, Боспиек

ЭҢ МААНИЛҮҮ