Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумагүл Боталиева: Ноорузда ар бир үйдө сүмөлөк жасалышы керек

© Фото / Таалайгул УсенбаеваКөп жылдан бери сүмөлөк бышырып жүргөн Жумагүл Боталиева
Көп жылдан бери сүмөлөк бышырып жүргөн Жумагүл Боталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нооруз - Кыргызстанда өткөрүлгөн өзгөчө майрамдардын бири болуп саналат. Бул майрамды сүмөлөксүз элестетүү мүмкүн эмес.
Жумагүл Боталиева: Ноорузда ар бир үйдө сүмөлөк жасалышы керек

Сүмөлөк тамагы ар бир үйдө жасалышы керек, анткени бул тамактын тилеги жакшы, үйгө ырыскы, кут алып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине көп жылдан бери сүмөлөк бышырып жүргөн Жумагүл Боталиева айтып берди.

Ал сүмөлөк бышырууну тилектер орундалсын деп салтка айландырып алган.

"Сүмөлөк жасап жүргөнүмө 7-8 жыл болуп калды, мен муну кадимки салтка айландырып алгам. Алгач чакан кылып жасап баштасам, азыр бүт айыл мага анын үрөнүн өндүрүп, угутун даярдоого буйрутма беришет. Мен муну жасап жатканда сөзсүз түрдө жакшы тилектерди айтып, даарат алып жасайм. Анткени тамакка карата айтылган тилектер сөзсүз орундалат", — деди Боталиева.

Жумагүл эже учурда Нооруз майрамына өткөрүлө турган фестивалда жасалчу сүмөлөктөрдүн керектүү азыктарын даярдап жатат. Аталган майрамда ал даамдуу сүмөлөгү менен калаа тургундарын кубандырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0