13:18 29 Жалган Куран 2017
Түз эфир
Үч айдан бери оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө иштеп жаткан Айбек Алимжан уулу
© Фото / Улукбек Маматов

Жаш дарыгер Айбек Алимжан уулу: жакында жерлүү болуп калам деп үмүттөнүп турам

Радио
Кыскача шилтеме алуу
8811

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы аймактык ооруканасында жашап, иштеген жаш адистерге жергиликтүү бийлик жер тилкесин берүүнү караштырып жатат.

Үч айдан бери оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө иштеп жаткан Айбек Алимжан уулу жакында жер тилкесине ээ болорун өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Мен азыр окуган Кыргыз медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны өстүрүү институтунун ректору профессор Төлөгөн Чубаков Түптө раеаниматологдор жетишсиз экенин айтып, бул жакка жиберди. Азыр оорукананын имаратында жашап жатам. Жакында эле айыл өкмөт башчысына кирдик. Абалыбызды түшүндүрдүк. Ал киши үй салуу жана айдоо үчүн жер тилкесин караштырып көрөрүн айтты", — деди дарыгер.

Учурда Түп аймактык ооруканасында жети жаш адис жашап, иштейт.

Аймактарда иштеген жаш адистерди турак жай менен камсыз кылуу боюнча кенен материалды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган макаласынан окусаңыз болот>>

Тема боюнча

Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң
Белгилер:
дарыгер, оорукана, турак-жай, жардам, Түп

ЭҢ МААНИЛҮҮ