Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исламбеков: Баткенде кургак учукка каршы борборундагы рентген иштебей калды

© Фото / Улан МаккамбаевРентгенолог Мамасалы Исламбековдун архивдик сүрөтү
Рентгенолог Мамасалы Исламбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер кургак учук менен ооругандар башка бейтаптар менен аралашса кургак учуктун жугуусу күчөй турганын белгиледи.
Исламбеков: Баткенде кургак учукка каршы борборундагы рентген иштебей калды

Баткен шаарындагы Кургак учукка каршы борборундагы рентген аппараты иштебей калгандыктан бейтаптар башка ооруканаларга барып коомго кооптуулук жаратып жатканын рентгенолог Мамасалы Исламбеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, кургак учук менен ооругандар башка бейтаптар менен аралашса кургак учуктун жугуусу күчөйт.

"Баткен облусу боюнча 300дөн ашуун жаран кургак учукка кабылган. Ал эми илдетти аныктоочу рентген аппаратынын бузулганына төрт жыл болуп калды. Саламаттык сактоо министрлигине бул боюнча кайрылганбыз, бирок жооп жок", — деди Исламбеков.

Анын айтымында, рентгендин бузулгандыгына байланыштуу кургак учук менен ооруйт деп шектелгендер борбордук ооруканада башка бейтаптар менен чогуу текшерилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0