Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Палеонтолог Бакиров: мамонттун сөөгүн изилдөө үчүн каражат издеп жатабыз

© Фото / Асель АлияскароваПалеонтолог Айзек Бакиров
Палеонтолог Айзек Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыргалаң өрөөнүнөн дагы башка сөөктөр табылганы белгилүү болду.
Палеонтолог Бакиров: мамонттун сөөгүн изилдөө үчүн каражат издеп жатабыз

Палеонтолог Айзек Бакиров былтыр Көл жергесинен табылган мамонттун баш сөөгү гипстелген боюнча эле Улуттук илимдер академиясынын Экология институтунда сакталып турганын билдирди.

"Каражаттын тартыштыгынан улам мамонттун баш сөөгүн изилдөө токтоп турат. Мындан сырткары, аны изилдөө үчүн кошумча шаймандарды жана каражаттарды алыш керек. Тилекке каршы, алар бизде чыкпайт. Андыктан аларды чет мамлекеттен алыш керек. Ошентсе да акча жок деп эле кол куушуруп отурган жокпуз. Түрдүү долбоорлорду жазып акча издештирип жатабыз", — деди ал.

Бакиров ошондой эле былтыр күзүндө Жыргалаң өрөөнү окумуштуулар тарабынан иликтенип, дагы майда-чүйдө сөөктөр табылганын белгиледи. Бирок каражаттын тартыштыгынан кеңири изилдөөлөр жүргөн эмес.

Палеонтолог гипстелген сөөк абдан морт болгондуктан аны чет мамлекетке алып чыгып текшерүүгө да мүмкүн эместигин белгиледи. Анткени аны жеткирүү учурунда упураланып жок болушу толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0