Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбек Бабанов: депутаттар ушак таратпай, факты менен сүйлөйлү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов депуттарды ушак таратпай, факты менен сүйлөөгө үндөдү. Бул тууралуу эл өкүлү парламентте сүйлөп жатып айтты.
Өмүрбек Бабанов: депутаттар ушак таратпай, факты менен сүйлөйлү

Белгилей кетсек, парламенттин бүгүнкү отурумунда депутаттар сөз эркиндиги тууралуу сөз козгоп, айрым массалык маалымат каражаттары аша чаап жатканын айтып чыгышты.

"Сөз эркиндиги тууралуу маселе козголуп жатат. Биз, депутаттар, улуу трибунадан сүйлөп жатканда өзүбүздүн жоопкерчилигибизди да сезе билсек туура болот эле да. Мен дайым айтып келем, депутаттар ар бир сөзүнө жооп бериши керек. Келгиле ушак таратпай, факты менен сүйлөйлү", — деди Бабанов.

РАЖ лидери депутаттарды үлгү болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0