Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ӨКМ өкүлү Бекилов: Жалал-Абадда жер көчкү кооптуулугу өтө жогору болууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекиловдун архивдик сүрөтү
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер көчкү кооптуулугунан улам Жалал-Абаддагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.
ӨКМ өкүлү Бекилов: Жалал-Абадда жер көчкү кооптуулугу өтө жогору болууда

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш айылында адырда жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалып, турак-жайларга кооптуулук жаратканын ӨКМ билдирди - Sputnik Кыргызстан
Сузакта жер сүрүлүп жергиликтүү элге кооптуулук туудурду
Былтыр жана байылкы жылы, март айын кошкондо жаан-чачындын нормадан 3-4 эсе ашып, кардын көп жаап, жер тоңбостон суунун баары жерге сиңгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун аймагында жер көчкү кооптуулугу өтө жогору болууда. Бул туурасында ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, кыш айларында Сузактын эки-үч жеринде, анын ичинен Көгарттын бир нече айылдарында бир нече ирет жер көчкөн. Ал эми кечээ Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш айылындагы жер көчкү эки тараптан бирдей жылып, өтө чоң көлөмдө көчүп баштады.

"Анын астында 10 турак жай бар, алардын ичинен экөө мыйзамсыз курулган. Ал эми сегизи жер тилкесин да, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген ссудаларды да алышкан. Тилекке каршы, алар азыркыга чейин кооптуу аймакта жашап жатат", — деди Бекилов.

Бул үй-бүлөлөрдү тез арада көчүрүп чыгаруу боюнча айыл аймактын башчысына эскертүү берилди.

"Бүгүн облустун координациялык кеңешмесинен чыктым. Ал жерде да жер көчкү боюнча маселелерди койдук, тиешелүү тапшырмаларды облустагы бардык райондук мамлекеттик администрация башчыларына коюп, айыл аймактын жетекчилерин буга милдеттендирдик", — деди ал.

Эске салсак, өткөн жылы Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында 27-апрелде кеч курун жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган. Экинчисин айылдаштары жер көчкүдөн сууруп качканга жетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0