Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: Памир кыргыздарын чек арага жакын тоолуу аймактарга жайгаштыруу керек

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Памир кыргыздарын көчүрүп келбесе тукум курут болуп кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады.
Бакиров: Памир кыргыздарын чек арага жакын тоолуу аймактарга жайгаштыруу керек

Памир кыргыздарын тоолуу, чек ара аймактарга жайгаштыруу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Эске сала кетсек, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев жолугушуп, памирлик кыргыздарды Нарынга көчүрүп келүү маселесин талкуулашкан.

"Памирлик кыргыздарды Нарын облусунун кытай менен чек аралаш аймактарына көчүрүп келсек туура болот. Анткени алар тоолуу аймактарда жашап көнүшкөн. Мындан сырткары, мал менен алектенишет. Ушул талаптарды эске алуу менен аларды отурукташтыруу зарыл", — деди Бакиров.

Депутат памирлик кыргыздардын айрымдары Афганистанда чек аранын коргоочусу экендигин айтып, алардын кызматын кыргыз-кытай чек арасын коргоодо колдонсо болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0