Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Насирдин Шамшиев: экономикалык рейтингди түзүүдө ИДП гана эсептелип калган

© Фото / пресс-служба Министерства экономики КРНачальник управления макроэкономической политики Минэкономики КР Насирдин Шамшиев
Начальник управления макроэкономической политики Минэкономики КР Насирдин Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын Global Finance каржы басылмасы Кыргызстанды 148-орунга коюп жакыр өлкөлөрдүн катарына киргизди. Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев рейтинг бир гана ИДП менен Валюта фондунун маалыматтарына карата түзүлүп калгандыгын билдирди.
Искендер Шаршеев: реформалар жүрбөй, экономикабыз өнүкпөй жатат

"Аталган каржы басылмасы рейтингди Эл аралык Валюта фонду менен ИДПнын көлөмүнө таянуу менен гана чыгарып коюптур. Алар башка багыттарды эске алса жыйынтык бөлөк болмок", — деди Шамшиев.

Ал белгилегендей калктын 2014-жылдагы кирешеси 278 миллиард сомду түзсө, 2015-жылы 291 миллиард сомго жеткен.

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк: Кыргызстанда алтындын запасы өсүүдө
"Бизде кирешелер жогорулап, чет өлкөдөн мигранттар тарабынан которулган каражаттын көлөмү дагы өстү. Ошондой эле өлкөдө миллиондон ашык үй-бүлө болсо дээрлик бир миллионунда, тагыраагы ар бир экинчи үй-бүлөдө машина бар. Сыртта жүргөн мигранттарды эске албаганда уюлдук аппараттардын саны жети миллионго жетти", — деди экономист.

Ал белгилегендей кафе-ресторандарда өткөн тойлорго эле миллиарддаган каражаттар жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0