Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жүк ташуучу Кулунчаков: Кытайга алты айдан бери кире албай турабыз

© Фото / Нурзада МукашеваКытайдан Бишкекке, кайта Бишкектен Кытайга жүк ташыган айдоочу Оморбек Кулунчаков
Кытайдан Бишкекке, кайта Бишкектен Кытайга жүк ташыган айдоочу Оморбек Кулунчаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын шаарында Кытайдан жүк ташыган айдоочулар митингге чыгышты. Алардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.
Жүк ташуучу Кулунчаков: Кытайга алты айдан бери кире албай турабыз

Митингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты.

Кытайдан Бишкекке, кайта Бишкектен Кытайга жүк ташыган айдоочу Оморбек Кулунчаков Кытай тарап аларга карата кысым көрсөтүп, алгач виза ачпай, кийин контейнер койгула деген талаптарын койгонун айтты.

"Европага кире турган машиналардын стандарттарын жокко чыгарып, ордуна контейнер койгула деп жатат. Аны жасата турган болсок кайтадан техникалык паспорт алып, мамлекеттик номерди да алмаштыруу керек болот. Андан сырткары, лицензия жана патент алуу зарыл. Алардын бардыгы акчага барып такалат", — деди ал.

Митингге чыккандар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0