Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Академик Акматалиев: акча бөлүнсө "Семетейдин" академиялык варианты толук бүтөт

© Sputnik / Расул УсеналиевУлуттук идимдер академиясынын академиги академик Абдылдажан Акматалиевдин архивдик сүрөтү
Улуттук идимдер академиясынын академиги академик Абдылдажан Акматалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты томдук манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда жарык көрдү.
Академик Акматалиев: акча бөлүнсө "Семетейдин" академиялык варианты толук бүтөт

"Семетей" эпосунун академиялык алты томдугу 1000 нускада чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Улуттук идимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы басылыш манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда жарык көрдү.

"Саякбай Каралаевдин "Семетейи" чыкты. 1930-1960-жылдарда жазылып алынган вариантын салыштырып чыгардык. Андан сырткары, академиялык басылыш болгондуктан кеңири түшүнүктөр жана комментарийлер берилди", — деди Акматалиев.

Алты томдукту Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту даярдап, ага жалпы 230 миң ыр сап камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0