Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мирлан Исраилов: Ошто шыбагы ураган көпүрө суук түшкөндө жасалып калган

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраиловдун архивдик сүрөтү
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүн "Сафари" аттуу ишкана курган. Ал пайдаланууга 2015-жылы берилген.
Мирлан Исраилов: Ошто шыбагы ураган көпүрө суук түшкөндө жасалып калган

Состояние эстакадного моста в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Оштогу шыбагы ураган эстакадалык көпүрө оңдоло баштады
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн шыбак иштери 2015-жылдын декабрь айында жасалгандыктан жакшы кармалбай урай баштаган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ эстакадалык көпүрөнүн капталындагы шыбагы урап, кош бойлуу келиндин башына түшкөн

Исраиловдун айтымында, көпүрөнү курган "Сафари" ишканасынын жетекчилиги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө кепилдик кат берген.

"Аталган ишкана март айынан тарта көпүрөгө оңдоо иштерин жүргүзмөк. Себеби шыбак иштери 2015-жылдын декабрь айында аткарылгандыктан жакшы кармалбай урай баштаган. Навои көчөсүнө курулган "Достук" көпүрөсү 2015-жылы пайдаланууга берилип, курулуш иштерине 284 миллион сом жумшалган", — деди жетекчи.

Исраилов белгилегендей, көпүрөнүн узундугу — 265, туурасы — 23,9, бийиктиги — 5,5 метрди түзөт. Бүгүнтөн тарта аны оңдоп-түзөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0