Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев: моюнда жүк болуп жүргөн карыздан кутулдук

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятка салым кошкон жарандарга сыйлык берүү аземи учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятка салым кошкон жарандарга сыйлык берүү аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятка салым кошкон жарандарга сыйлык берип жатып, былтыр Тарых жана маданият жылына карата бир топ маданий иш-чаралар өткөрүлгөнүн билдирди.
Алмазбек Атамбаев: моюнда жүк болуп жүргөн карыздан кутулдук

Мамлекет башчы узаган жыл ичинде Үркүндүн 100 жылдыгы жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш-чаралар мыкты деңгээлде өткөнүн белгиледи.

"Үркүндүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеп, мойнубузда жүк болуп жүргөн карыздан кутулдук. Кыргызда "арбак ыраазы болбосо, тирүүлөр жыргабайт" деген жакшы кеп бар", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын мааниси зор экенин белгиледи.

"Менин бир аталарым согушта каза болгон. Ал 25 жыл өткөндөн кийин атасынын ашын ат чабыш сыяктуу оюндар менен өткөрдү. Ашты эмнеге той кылат десе, көрсө мааниси башка экен. Анын сыңары баатырларыбыздын көзү өтсө да биз барбыз деп Көчмөндөр оюндарын өткөрдүк", — деди президент.

Ал ошондой эле улуттук маданиятка салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0