Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаңыбай Туманов: жаңы биофабрика табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүүгө шарт түзөт

© Фото / Гулчехра СадыковаКыргызагробио борборунун директору Жаңыбай Туманов
Кыргызагробио борборунун директору Жаңыбай Туманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы алгачкы типтүү биологиялык фабрика апрель айынан тарта иштей баштайт.
Жаңыбай Туманов: жаңы биофабрика табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүүгө шарт түзөт

Баткен регионалдык биофабрикасынын негизги максаты — табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Кыргызагробио борборунун директору Жаңыбай Туманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Биофабриканын негизги максаты — табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү. Бул жактан жасалган дары-дармектер жана сапаттуу жер-жемиш өстүрүү менен гана коңшу өлкөлөргө теңеле алабыз. Антпесе товары сапаттуу жана рыногу чоң мамлекеттерге теңата болуу абдан татаал болуп турат", — деди Туманов.

Баткен регионалдык биофабрикасы — айыл чарба өсүмдүктөрүн оорудан жана зыянкечтерден коргой турган экологиялык жактан таза биопрепараттарды чыгарат.

Фабрика ишке кирсе, алгачкы жылы 15 адам жумуш менен камсыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0