Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айбек Бечелов: милиция айдоочу айымдарды куттуктап жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш ОИИБдин Кайгуул милициясынын маалымат катчысы, ага тескөөчү Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү
Ош ОИИБдин Кайгуул милициясынын маалымат катчысы, ага тескөөчү Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд учурунда аялдардын көбү коопсуздук курун тагынбай жүргөнү аныкталган.
Айбек Бечелов: милиция айдоочу айымдарды куттуктап жатат

Ош ОИИБдин Кайгуул милициясы айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белек кылышууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Кайгуул милициясынын маалымат катчысы, ага тескөөчү Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара үч күнгө созулат.

"Рейд учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбаганы үчүн токтотулган. Ал эми айрымдарын куттуктоо үчүн токтоткондо баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды. Айдоочу аялдар эркектерге караганда жол эрежесин көп бузушпайт. Бирок алар жол эрежесин толук сактайт деп айтууга да болбойт", — деди Бечелов.

Маалымат катчы жыл башынан бери 8087 административдик протокол түзүлгөнүн айтып, анын ичинде 129 айдоочу мас абалында кармалса, 40 айдоочу унаасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн чаралар көрүлгөнүн кошумчалады. Аларга тийиштүү айып пулдар салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0