Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Искендер Ормон уулу: Атамбаев ЖКны таратууга каршы эмесмин деген чакырык таштады

© Фото / Зарылбек Нышан"Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон. Архив
Сереп аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси президенттин бул кайрылуусу буга чейинки ЖКны таратуу боюнча билдирүүлөргө жооп болду деген ойдо.
Искендер Ормон уулу: Атамбаев ЖКны таратууга каршы эмесмин деген чакырык таштады

Атамбаев Жогорку Кеңешти таратууга каршы эмесмин деген чакырык таштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу билдирди.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев ЖКны мыйзам чыгарбай эле ушак чыгарып жатат деп айыптап, тарап кетүү демилгесин колдой тургандыгын айткан.

"Атамбаевдин айтканын ачууга алдырды десек туура болбой калат. Негизи буга чейин эле маселе көтөрүлүп келбеди беле. Президент ошого жооп айтты. Жогорку Кеңештин тарашына каршы эмесмин деген чакырык болду", — деди эксперт.

Ал ЖКнын тарашы менен депутаттар гана зыян тартат дегенчелик кылганын кошумчалап, президенттин бул сөзү буйрук эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0