Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түркияда окуган Манасбек Максутов: кыргыз жигиттеринин башынан ак калпак түшпөсүн

© Фото / Нуркен Усон уулуТүркиянын Кайсери шаарында окуган Манасбек Максутов
Түркиянын Кайсери шаарында окуган Манасбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип
Түркияда окуган Манасбек Максүтов: кыргыз жигиттеринен башынан ак калпак түшпөсүн

Кыргыз жигиттеринин башынан ак калпак түшпөсүн. Мындай тилегин Түркиянын Кайсери шаарында окуган Манасбек Максутов кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда айтты.

"Кыргызстандык студенттер биримдиги" уюмунун жетектеген Максутов 4-март күнү кыргызстандык студенттер Ак калпак күнүн белгилеп, ага ушул эле шаарда башка мамлекеттерден келип окуган жаштар катышканын айтты.

"Максатыбыз — кыргыз эли тууралуу маалымат берип, Кыргызстанды таанытуу эле. Баарына ак калпак кийгизип, баш кийимибиз жөнүндө кеңири айтып бердик", — деди ал.

Максутовдун айтымында, Түркиянын Кайсери шаарында 100дөн ашуун кыргызстандыктар бар. Алардын 12си лицейде, 75и университетте окуса, 15и ар кандай жумуштарда иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0