Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрнис Осмонбаев: бычакташкан балдар 9-класстын окуучулары болгон

© Фото / Данислан АсамадиновИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин архивдик сүрөтү
ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бычакташуудан №9 орто мектептин эки окуучусу жарадар болуп, аймактык ооруканага жеткирилген.
Эрнис Осмонбаев: бычакташкан балдар 9-класстын окуучулары болгон

Жалал-Абад шаарында бычакташкан балдар эки башка мектептин 9-классынын окуучулары болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады.

Анын айтымында, мектеп окуучуларынын бычакташуусунан эки бала жарадар болгон.

"Жалал-Абад шаарынын Спутник деген кичирайонунда №9 жана №19 орто мектептин 9-классынын окуучулары эски имаратка чогулушкан. Чыр-чатактын аягы бычакташууга чейин жетип, жыйынтыгында №9 орто мектептин эки окуучусу жарадар болгон. Бычак биринин ичине урулса, экинчисинин колуна тийген. Жабыркаган балдар аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы канааттандырарлык", — деди Осмонбаев.

Ал эми жабыркагандарга бычак урду делип № 19 орто мектептин окуучусу кармалган. Учурда аны менен кошо жанындагы катышуучулар сурак беришүүдө. Ошол эле учурда Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда соттук-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0