Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максат Атабаев: зыяратчылардын кийимдери былтыркыдан өзгөчө болот

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка тигүүчү жети ишкананын өкүлдөрү катышкан. Жыйынтыгында эки кол өнөрчү тандалып алынды.
Максат Атабаев: зыяратчылардын кийимдери былтыркыдан өзгөчө болот

Меккеге зыяратка бара турган кыргызстандыктардын кийимдери былтыркыдан кооз жана коопсуз болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сынакка жалпы Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан жети ишкана катышкан.

Зыяратчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга баруу документтеринин кандай толтуруларын мобилдик тиркемеден билүүгө болот
"Катышуучулардын сунуштаган кийимдеринин арасынан алардын өзгөчөлүгүнө, ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна басым жасалды. Анткени былтыр караңгыда айрым мекендештерди унаа коюп кеткен учурлар катталган. Ошондуктан бул жылы сынакта зыяратчылардын кийимдеринде кооптуулуктун алдын алган белги болсун деген талап коюлган. Сынактын жыйынтыгында тигүүчүлөр Чолпон Раманкулова жана Бактыбек Масыпказиев жеңишке жетишти. Масыпказиевдин кийиминде зыяратчылар документтерин салып жүрүүгө ыңгайлуу сумкасы бар экен, формага түшүрүлгөн оюулары да жакшы экен. Ошентип Раманкулова аялдардын, ал эми Масыпказиев эркектердин кийимин тикмей болду", — деди Атабаев.

Муфтияттын өкүлү зыяратчылар үчүн жалпы 4585 кийим тигилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0