Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абакиров: кутурган карышкыр баламды тиштегилеп аткан жеринен көрүп калдым

© Фото / Эдиль МелисбековЖитель села Калкагар Шаршенбек Абакиров
Житель села Калкагар Шаршенбек Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу экөөлөп атып кутурган карышкырды муунтуп өлтүрүштү.

 

Абакиров: кутурган карышкыр баламды тиштегилеп аткан жеринен көрүп калдым

Жырткыч айылга түшүп, жашоочулардын короосуна чейин кирип келип атканын Тоң районунун тургуну Шаршенбек Абакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, Тоң районун Калкагар айылына таңга жуук карышкыр бир нече үй-бүлөнүн малына тийип, 40ка чукул кой-эчки менен 10го чукул бодо малды тиштеп салган. Текшерүү карышкырдын кутурма менен ооруй турганы аныкталган.

"Ошол күнү таңга маал сарайдагы мал чуру-чуу түшүп калды. Карайын деп баратсам, уулум бөлмөсүнөн чыгып, мен карап келейин деди. Бир маалда анын "ата" деген үнү угулду. Короого барсам, балам карышкыр менен кармашып атыптыр. Карышкыр колу-бутун тиштеп салыптыр. Экөөлөп муунтуп өлтүрдүк", — деди Абакиров.

Маалыматка караганда, учурда жабырлануучунун абалы жакшы. Ал Балыкчы шаардык ооруканасына барып, дарылануудан өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0