Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сталбек Макамбаев: Кара-Сууда таштанды ыргыткан айдоочулар кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваСотрудник патрульной милиции УВД Ошской области Сталбек Макамбаев
Сотрудник патрульной милиции УВД Ошской области Сталбек Макамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 27-28-февраль күндөрү "Көчө соодасы" жана "Автомойка" аталышындагы рейд өткөрүлдү.
Сталбек Макамбаев: Кара-Сууда таштанды ыргыткан айдоочулар кармалды

Ош облустук ИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Макамбаев рейд Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулганын белгиледи.

"Рейд учурунда мөмө-жемиш көчөттөрүн жол боюнда сатып жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле арык суусуна унааларын жууп, таштандыларды калтырган айдоочулар кармалды", — деди Макамбаев.

Ал белгилегендей эскертүүлөргө карабастан көчө боюнда соодасын уланткан ондон ашуун жаранга протокол түзүлүп, 500 сомдон айып пул салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0