Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурпери Садырбекова: айрым спортчулар айына 45 миң сомдон стипендия алып турат

© Фото / Жанар УсеновЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурпери Садырбекова
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурпери Садырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стипендиялар спортчунун жетишкендиктерине жараша алты категория боюнча берилет.
Нурпери Садырбекова: айрым спортчулар айына 45 миң сомдон стипендия алып турат

2017-жылдын биринчи жарымында кыргыз спортчуларына жалпысынан 12 миллион 618 миң сомдун тегерегинде стипендия берүү каралып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, стипендиялар спортчунун жетишкендиктерине жараша алты категорияга боюнча берилет.

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
"Атайын токтомдун негизинде 2011-жылы кабыл алынган жобого ылайык, мамлекеттик агенттик жылына спортчуларга ай сайын стипендия берип турат. Учурда 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында стипендия ала турган спортчулардын тизмеси бекитилди. Алардын арасында жогорку категорияга Олимпиада оюндарына катышкан Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев жана Эсен Калиев кирип, алар айына 45 миң сомдон стипендия алып турат. Ал эми оор атлетика боюнча Риодогу Олимпиадада үчүнчү орунду багындырган Иззат Артыков атайын комиссиянын чечими менен 25 миң сом стипендия алмай болду", — деди Садырбекова.

Анын айтымында, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан жалпы 250 спортчуга стипендия берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0