Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошбек Абдылдаев: зыяратчылар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев
Муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын Ажылык бөлүмүнүн башчысынын айтымында, аталган тиркеме аркылуу зыяратчылар үчүн тиешелүү маалыматтарды алууга жол ачылат.
Жолдошбек Абдылдаев: зыяратчылар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Зыяратчылар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, аталган тиркемени бардык каалоочулар колдоно алат.

"Учурда ажылык сапарга барчулар үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты. Аны Play Market аркылуу көчүрүп алууга болот. Ал жерде ажылыктын тартиби, жаңылыктар жана маалыматтар бар. Мындан сырткары, тиешелүү уюштуруучулардын номерлери бар", — деди Абдылдаев.

Эске сала кетсек, быйыл ажылыкка каттоо 6-февралдан 6-мартка чейин уланат

Жаңылыктар түрмөгү
0