11:41 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова
© Фото / Канат Сагынбаев

Жыпара Мамбетова: Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздардын көбү балдар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Памирлик кыргыздар (79)
19640

Жаз айларында Кыргызстанга 30га чукул памирлик кыргыз алынып келиши күтүлүүдө.

Жаз айларында Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздардын көбү балдар болмокчу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө жалпысынан 30га чукул боордоштор келет.

"Өткөн жылдары атайын топтун Афганистанга болгон расмий иш сапарынан кийин менен мектеп курагындагы жаш балдарды алып келип, Кыргызстандан окутуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындан улам Кыргызстанга 7 жаштан 30 жашка чейинки 30 кандашыбыз апрель айынан тарта алып келингени жатат. Аларды Кыргызстандын шартына көндүрүү максатында алгач тоолуу аймактарга, тактап айтсам, Чоң-Алайга жайгаштыруу каралууда", — деди Мамбетова.

Эске салсак, Улуу жана Кичи Памирде жалпысынан 2000 миңге чукул этникалык кыргыз жашайт.

Тема:
Памирлик кыргыздар (79)

Тема боюнча

Туурулган беттер, куудураган колдор. Памирдеги кыргыздар
Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
Белгилер:
көчүрүү, кыргыз, боор, Памир

ЭҢ МААНИЛҮҮ