21:18 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Махабат Мавлянова: таштанды таштагандарды милиция дагы көзөмөлдөшү керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
35 0 0

Учурда таштанды таштагандар боюнча жергиликтүү органдар гана текшерүүгө укуктуу.

Таштанды таштагандарды милиция дагы көзөмөлдөшү керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жарандардын ар кандай аракеттерине тыюу салып жазаны күчөтүү боюнча административдик кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыгышты. 

Аталган мыйзам долбоордун автору Махабат Мавлянова мыйзам долбоору тууралуу айтып берди.

"Учурда акыр-чикирлерди таштагандарга карата жаза өтө аздык кылууда. Ушундан улам жазаны күчөтүүнү туура көрдүк. Мисалы, буга чейин таштандыны туура эмес жерге төккөндөргө 2000 сом айып салынса, биз 10 миңге көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Мындан сырткары, таштанды таштагандарды милиция дагы карай турган кылып жатабыз", — деди депутат.

Эл өкүлү мындан сырткары, эгер айып пулду милиция сала турган болсо алынган сумманын 10 пайызы участкалык инспекторлорго, 20 пайызы ички иштер бөлүмүнүн материалдык абалын жакшыртууга берилерин кошумчалады.

Тема боюнча

Мыйзам долбоор: унаадан таштанды ыргыткандар 10 миң сом айып пул төлөйт
Белгилер:
таштанды, милиция, Махабат Мавлянова

ЭҢ МААНИЛҮҮ