Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмаз Эргешов: казактар менен мындан кыйын кырдаалда тил табышып келгенбиз

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов эки эл эстүү экенин айтып, мамилелердин бузулушуна жол берилбей тургандыгын кошумчалады.
Алмаз Эргешов: казактар менен мындан кыйын кырдаалда тил табышып келгенбиз

Эки өлкө мындан кыйын кырдаалда тил табышып келген, учурдагы абалдан трагедия жасоонун кереги жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов билдирди.

Эске сала кетсек, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын убактылуу өкүлү Кайнарбек Токтомушевге президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн улам дипломатиялык нота тапшырган. Маалыматта буга Атамбаевдин Euronews каналына 2010-жылы казак тараптын чек ара тосуу аракети тууралуу берген маеги негиз болгону айтылат.

"2010-жылы Казакстан тараптан бир тараптуу чек араны бир айдан ашык жапкандыгы чындык. Ал эми эки өлкө тең ЕАЭБге мүчө болгондуктан учурдагы абал ишкерлерге терс таасирин тийгизбейт. Тарыхта кыргыздар менен казактар мындан кыйын учурларда тил табышып келишкен. Андыктан биздин мыкты дипломаттарыбыз бир пикирге келерине шегим жок", — деди депутат.

Эл өкүлү буга чейин эле Казакстан тараптан ноталар келип жүргөндүгүн жана эки эл эстүү экендигин айтып, кырдаалдан трагедия жасоонун кереги жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0