Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапар Ормонов: тургундар Ош шаарына ажатканаларды салуу маселесин көтөрүштү

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Ош шаардык кеңешинде коомдук бюждетти угуу иш-чарасы болуп өттү.
Жапар Ормонов: тургундар Ош шаарына ажаатканаларды салуу маселесин көтөрүштү

Депутаттар март айынын башында боло турган шаардык бюджетти талкулоо сессиясына чейин коомдун суроо-талабын уккандыгы тууралуу Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Коомдук талкууда шаар тургундары коммуналдык тейлөөлөрдү жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерин айтып, газ түтүктөрүн оңдоп берүүбүздү суранышты. Ошондой эле коомдук жайларга ажаткана салуу маселеси көтөрүлдү", — деди Ормонов.

Төрага шаардык бюджетти кабыл алууда тургундардын бардык суроо-талаптары эске алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0