Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элиза Арапбаева: "Канжар-2017" аскердик машыгуусуна Индиядан 20 жоокер келди

© Фото / Алексей Осотин Лейтенант Элиза Арапбаева
Лейтенант Элиза Арапбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Канжар-2017" аскердик машыгуусу Индия менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик макулдашуусунун алкагында башталды.
Элиза Арапбаева: "Канжар-2017" аскердик машыгуусуна Индиядан 20 жоокер келди

Жалал-Абад облусунда башталган "Канжар-2017" аскердик машыгуусуна Индиядан 20 жоокер келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине №02626 аскердик бөлүгүнүн корреспонденттик пунктунун башчысы, лейтенант Элиза Арапбаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эки жумага созулат.

"Иш-чара 20-февралдан 5-мартка чейин уланат. Ага кыргызстандык 20 жоокер жана Индиядан келген 20 аскер кызматкери катышууда. Алар негизинен тоолуу аймактарга мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча тажрыйба алмашат", — деди Арапбаева.

Андан сырткары, чалгындоо, инженердик жана аскердик-медициналык багыттар боюнча тажрыйба алмашуулар болуп, практикалык сабактар дагы каралган.

Эске сала кетсек, аталган машыгуу былтыр Индияда өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0