Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самат Сакбаев: жаңы унаа токтотуучу жайлар апрелде иштей баштайт

Жазылуу
Унаа токтотуучу жайды куруу боюнча сынактын жеңүүчүсүнүн өкүлү алгач айдоочулардан акчаны кызматчылар эле чогулта турганын кошумчалады.
Самат Сакбаев: жаңы унаа токтотуучу жайлар апрелде иштей баштайт

Көчөдө токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа токтотуучу жайлардын эң кымбаты Бишкектин борбордук көчөлөрүндө болот
Автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларда банктык карта же мобилдик тиркеме менен эсептешүүгө болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат жыйынында унаа токтотуучу жайды куруу боюнча сынактын жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев билдирди.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери муниципалдык унаа токтотуучу жайлар тарифтик саясаттын жоктугуна байланыштуу бекер болчу. Азыр аны Бишкек шаардык кеңеш карап жатат. Жакында автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар ишке кирип, болжолдуу түрдө ал жактагы баа 10 сомдон 40 сомго чейин болушу каралууда.

"Жакынкы айларда автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар ишке кирет. Алгач айдоочулардан акчаны кызматчылар эле чогултат. Маселе жөнгө салынып калганда акыны карточка же мобилдик тиркемелер аркылуу эле төлөй тургандай кылабыз", — деди Сакбаев.

Ал аталган жайлар апрель айынан тарта ишке кирип калаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0