Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Актан Арым Кубат: көз карандысыз калыстар "Кентавр" тасымасын жогору баалашты

© Фото / Эркин БолжуровКинорежиссер Актан Арым Кубаттын архивдик сүрөтү
Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын режиссеру кинофестивалга атайын чакыруу келгендигин кошумчалады.
Актан Арым Кубат: көз карандысыз калыстар "Кентавр" тасымасын жогору баалашты

Калыстар "Кентавр" тасмасын исскуство деп аташты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын режиссеру Актан Арым Кубат билдирди.

Белгилей кетсек, режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлин фестивалында Автордук кино эл аралык конфедерациясынын (CICAE) байгесине ээ болду.

"Кинофестивалга уюштуруучулардын сунушу менен барганбыз. Биз буга чейин Канн фестивалына баралы дегенбиз, бирок максатыбыз ишке ашпай калды. Анан Берлинге жолдомо алып калдык. Фестивалда тасманы көрсөтүп коюп эле келе бергем. Сыйлык тууралуу эч оюбуз жок болчу. Анан эле жабылышынын алдында сыйлык алдыңар деп айтышты", — деди Арым Кубат.

Режиссер сыйлык көз карандысыз калыстар тарабынан берилгендигин кошумчалады.

Актан Арым Кубат тасманын улуттук бет ачаары үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Бишкек шаарында болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0