Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талант Иманкул уулу: жаңы конуштарда мыйзамсыз курулган үйлөр 6 миңден ашты

© Sputnik / Бегимай БакашеваБишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу
Бишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы маалда Бишкек шаарынын жаңы конуштарында 6382 мыйзамсыз курулган үй бар.
Талант Иманкул уулу: жаңы конуштарда мыйзамсыз курулган үйлөр 6 миңден ашты

Бишкек шаарына тиешелүү 47 конуштун 42 конушунда мыйзамсыз салынган үйлөрдүн жалпы саны 6382ге жеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу билдирди.

"Мыйзамсыз курулуштарды райондор боюнча айта кетсек, Ленин районунда — 1174, Биринчи май районунда — 3356, Октябрь районунда — 151 жана Свердлов районунда — 1701 үй бар", — деди Иманкул уулу.

Маалыматка караганда, аталган курулуштарды инвентаризацилоо иштери акыркы жолу 2010-жылы жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0